Карапайым эл кыштан кантип чыгат? (видео)

1998

Аба ырайынын кескин суукташына байланыштуу бир сутка ичинде Бишкек шаарында эле электр энегиясын колдонуу пландык көрсөткүчтөн 2 миллион киловатт-саатка ашып түштү. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ишканасынан билдиришти. Учурда жалпы керектөө 8 миллион киловатт-саатка жетип жатыптыр.

Муну менен энергетика тармагындагы каатчылыктан улам ордо калаада электр энергиясын үнөмдөө өтүнүчү аткарылбай жатканы белгилүү болду. Суук башталгандан бери өзгөчө жаңы конуштун тургундары электр жылыткычтарын колдонушууда. Ал жактарда от жаккан көрүнүш дээрлик жокко эсе экени байкалды.