Карапайым эл менен чоңдордун балдары билим алган мектептер (видео)

853

Министр Каныбек Исаковдун кол алдындагыларды тарбиялоодон башка, тез чечүүнү талап кылган маселелер чачтан көп. Албетте, ар бир ишке дыкат мамиле кылып, терең анализ жүргүзүп, анан чечим кабыл алуу керек. Анын үстүнө сазга батып бараткан тармакты бир күндө эле сууруп чыга калуу мүмкүн эмес экенин баары эле түшүнүп турат. Ошентсе дагы, көпчүлүк жаңы министрден туура, ыкчам реформаны күтүп жатат. Эгер өкмөт убада кылгандай, октябрь айынан тарта мугалимдердин маянасы жогоруласа, бир аз убакытка болсо да министр Каныбек Исаковдун эл агартуучулардын алдында жүзү жарык болот.

Бирок азыр мектептерде абал жакшы эмес. Бир аймакта имарат жок, балдар темир контейнерлерде билим алып жатса, башка региондо ата-энелер мектептерде ашыкча акча чогултууга каршы чыгып, митингдердин толкуну башталды. Алгач, Чүй областында бир эле мектептин окуучуларынын ата-энелери каражат жыйноо мыйзамсыз деп ачык айтып, директорун кызматтан алдырганга чейин жетишкен. Жетекчи алмашканы менен акча чогултуу токтоп калган жок.

Бул маселе мамлекеттик деңгээлде чечилиши деле күмөн болуп калды. Анткени өкмөттөгүлөрдүн жана депутаттардын балдары бардык шарты түзүлгөн кымбат мектептерде окушат. «Ток бала ач бала менен ойнобойт да». НТСтин журналисти Айбек Бийбосунов карапайым элдин балдары менен жогорку кызматтагылардын балдары окуган мектептерди салыштырып көрдү. Белгилей кетүүчү жагдай, бул материалда жомоктогудай шарт түзүлгөн жеке менчик мекемелерде билим алып жаткандарга эч кандай доомат жок. Болгону, өлкөдөгү бардык улан-кыздар ушундай шартта билим алса деген эле тилек.