Карасуулуктар шербет же мантыга ууланган (видео)

821

Ош областынын Кара-Суу районунда тамак-ашка уулангандардын саны 17ге жетти. Учурда үчөөнүн абалы оор. Жабыркагандардын ичинен бешөө балдар. Маалыматтарга караганда, жергиликтүү тургундар өрүктөн жасалган шербетке же базардан сатып алынган мантыга ууланышы мүмкүн. Алардын баары жентек тойдо чогуу болуп, бир дасторкондон даам сызышкан. Тамак ичкенден кийин эле, көбүнүн көздөрү тунарып, башы айланып, куса башташкан. Уулангандардын баарына “ботулизм” диагнозу коюлган. Учурда массалык уулануу боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.