Каратаев: Коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор, алтоо реанимацияда

2204

Коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор, алтоо жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп ооруканаларда жаткандардын саны 318ди түзөт.

COVID-19 инфекциясын жуктургандардын арасында 15 жашка толо электердин саны — 38;

16-19 жаштагылар — 12;

20-35 жаштагылар — 90;

36-55 жаштагылардын саны — 141;

56 жана андан улуулардын саны — 96.

COVID-19 вирусу жуккандардын 63 медицина кызматкерлери.