Каражаттын Кыргызстандан тышка агылуусу күч алды (видео)

620

2018-жылдын он айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жеке тараптардын банктар аркылуу тышка каражат которуусу 22 % көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын жетекчилиги маалымат жыйынында билдирди. Расмий өкүлдөр бул көрүнүштү тыштан автоунааларды алып келүүнүн кескин көбөйгөнү менен байланыштырышууда.

Бирок эксперттер өлкөдө коррупция менен күрөш күч алганына байланыштуу мыйзамсыз топтолгон байлыктар тышка чыгарылып жатат дешүүдө. Ошондой эле тышкы факторлордун таасири да роль ойноп жатат дегендер бар.