Карда калган чабандар (видео)

863

Чүй областынын Кегети ашуусунун ары жагында дагы 3 чабан, 5 короо малы менен калууда. Алар аба-ырайынын туруксуздугунан улам азырынча ашууну аша албай турушат. Чүй областтык жетекчилигинин билдирүүсүнө караганда, учурда малчылар менен байланыш түзүлүп, алар тамак-аш жана башка каражаттар менен камсыздалган.

Эске салсак, буга чейин күтүүсүз жааган кардын кесепетинен Суусамыр өрөөнүндө 9 чабандын дайыны чыкпай жаткан. Алар 15-сентябрда аман-эсен кайтып келгени белгилүү болду.