Кардын жаашын күткөн бизнесмендер (видео)

2667

Быйыл кардын аздыгынан Бишкектин четиндеги кышкы эс алуучу жайлар жарым-жартылай иштеп жатат. Абалдан чыгуу үчүн Чүй областындагы лыжа базаларынын ээлери атайын жабдуулардын жардамы менен жасалма кар жаадырууга аргасыз. Күндүн жылуулугунан ал дагы жардам бербей бат эле ээрип кетүүдө.

Жергиликтүү лыжа сүйүүчүлөр болсо жакынкы күндөрү кар жаайт деп үмүт артышууда. Ал ортодо Гидрометеорология кызматы келерки аптадан тарта өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу райондордо кар жаайт деген билдирүү таратты. Чүй дубанындагы кышкы туристтик сезон кандай болуп жатат?