«Карек» кинофестивалынын жеңүүчүлөрү сыйланды (видео)

933

Балдар жана өспүрүмдөр арасында өткөн «Карек» кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Сынакка катышууга 75 тасма сунушталган. Арасында драмалык, даректүү, анимациялык, социалдык роликтер, клип, слайд-шоулар бар. Калыстар тобу анын 15ин тандап алган. Бүгүн 7ден 17 жашка чейинкилер арасында жаш режиссер, сценарист, оператор, жаш актер, жаш актриса жана монтажчы деген багытта жеңүүчүлөр аныкталды. «Карек» кинофестивалы быйыл экинчи жолу өткөрүлдү.