Каргалар массалык түрдө кырылып жатканы парламентте дагы айтылды

1066

Кара-Балта шаарынын айланасында каргалар массалык түрдө кырылып жатканы  парламентте дагы айтылды. Тиешелүү мекемелер бул маселеге дыкат көңүл буруп, окуянын себептерин түшүндүрүп берүүлөрү зарыл, дешет депутаттар. Болбосо бул Кара-Балта жана Жайыл районунун тургундары арасында түшүнбөстүктөрдү жаратууда, дешет алар.

Эске салсак, кечээ күнү интернет булактарында аталган аймакта каргалар массалык түрдө кырылып жатканы тууралуу маалыматтар тараган. Айрымдары бул канаттуулар катуу сууктан тоңуп калды дешсе, кээ бирлери ууланган жем жегенден болду, деген божомолдорду айтышууда.

Жергиликтүү тургундар болсо, буга Кара-Балта шаарына жакын жайгашкан мунайды кайра иштетүүчү заводдон зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгышы себеп дешүүдө.