Каримованын Швейцариядагы тоңдурулган каражатын бир нече өлкө алууга ниеттенүүдө

1113

Швейцариянын федералдык прокуратурасы Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримованын 2012-жылы тоңдурулган активдери боюнча беш жылга созулган тергөө ишин аягына чыгарууда. Кеп 800 миллион АКШ доллары жөнүндө болуп жатат. Иш сотко өтө элек, бирок бир катар өлкөлөр бул акчаларга ээлик кылуу үчүн олуттуу аракет көрө башташты.

“2012-жылы июлда алты кишиге, анын ичинде Гүлнара Каримовага карата тергөө жараяны башталган. Алар коррупция жана арам акчаны адалдоого шектелишүүдө. Швейцариянын федералдык прокуратурасы 800 миллион франкты (784 млн. доллардын тегереги) камакка алган”, – деп айтылат Швейцариянын федералдык прокуратурасынын билдирүүсүндө.

“Берн декларациясы” коммерциялык көз карандысыз уюмунун салык жана каржы коопсуздугу боюнча талдоочучу Оливье Лонгшан Гүлнара Каримованын ишин эл аралык юриспруденциядагы эң эле чиеленишкен иш деп атады.

«Тоңдурулган каражаттардын жана башка байлыктардын жалпы наркы 1 миллиард долларды түзөт. Экинчиден бул иште он тогуз өлкөнүн юриспруденциясы каралууда. Бул учурда жаңжалдан качуу мүмкүн эмес», – деген Оливье Лонгшан.

Ал Швейцариянын федералдык соту бул өлкөлөр ортосунда ири жаңжал жарала электе ишти тезинен сотко өткөрүүгө кызыктар экенин кошумчалады.

Le Temps гезити маалымдагандай, Каримованын активдерине ээлик кылууга негизинен Өзбекстан, АКШ жана Голландия талапкер болууда.