Каримовду өлтүргөн шектүүлөрдүн акча алып бараткан тасмасы жарыяланды

3386

Манас аба майданынын унаа токтоочу жайынан сөөгү табылган Хусан Каримовго Оштон ири суммадагы акча жөнөтүшмөк. Дал ушундай түшүндүрмөсү менен интернетте бир видео пайда болду. Анда акча Ош-Бишкек авиакаттамы боюнча бир жүргүнчү аркылуу жиберилип, ал адам Бишкекке келген соң Хусан Каримов менен байланышы керек болчу деп сүрөттөлөт.

Бирок ири суммадага каражат ага эмес, башкалардын колуна тийген. Видео жарыяланган адамдын маалыматына таянсак, бул тууралуу кимдир бирөөлөр алдын-ала билип калып, Хусан Каримовду өлтүрүп, анын телефонун алып алышкан. Андан соң, маркумдун сөөгүн унаанын багажына салып, анын уюлдук телефонуна ээ болуп, Оштон акча алып келе жаткан жүргүнчүнү тосуп чыккан. Качан гана желим баштыкка салынган акча колуна тийген соң беткапчан адам аэропорттон жүгүрүп чыккан.

Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, ал күнү Хусан Каримов 10 миң доллар келет деп күтүп жаткан. Азырынча мунун артында кимдер турат белгисиз. Буга чейин, бул кылмышка шектүү катары 2 жаран кармалып, дагы бирөө издөөдө жүргөнү айтылган. Бирок ал дагы деле кармала элек.

Эске салсак, 22-октябрда Хусан Каримов «Хонда Аккорд» унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Анын бир тууганы милицияга арыз менен кайрылып, эртеси күнү укук коргоочулар Хусан Каримовдун сөөгүн өз унаасынын багажынан табышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.