Кароосуз калган 4 жана 1,5 жаштагы бөбөктөр (видео)

594

Кыргызстанда бир жылда 13 наристе киши колдуу болду. Алардын үчөө өз энеси тарабынан өлтүрүлгөн. Мындай маалымат балдарды коргоого арналган жыйында жарыяланды. Анда адистер бөбөктөргө карата зомбулуктун көбөйүп жатышынын себептерин айтышты.

Ал арада Ош шаарында он күндөн бери үйдө кароосуз калган 4 жана 1,5 жаштагы эки кыз табылды. Энеси жумушка кетип, эки күндөн кийин кошунасына чалып балдарына көз салып коюуну суранган. Эки бөбөк жашоого эч кандай шарты жок бөлмөдө жалгыз калышкан. Аларды түндө милиция кызматкерлери кезектеги рейд учурунда таап алышкан. Учурда кыздардын энесинен дайын жок. Эже-сиңди балдар үйүнө өткөрүлүп берилди.