Кароосуз калган “Ата-Бейит” мемориалдык комплекси (видео)

4571

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги репрессия курмандыктарынын сөөгү көмүлгөн жерге тургузулган имарат менен музейи жаңылоого муктаж. Курулганына 20 жыл болгону менен бир да жолу оңдоп-түзөө иштери жасалган эмес. Мындан улам, тепкичтерине чапталган кафелдер талкаланып, дубалдары жаандан эзилип, четинен эшилип түшө баштаган.

Жылуулук бир температурада болбогондуктан музейде сакталып турган кол жазмалар өчүп, окулбай кала турган коркунуч жаралган. “Ата -Бейит” мемориалдык комплексинин жетекчилиги аталган жайларды реконструкциядан өткөрүүгө каражаттын жоктугу кендирди кесип жатканын айтышууда.