Кароосуз калган «Теплые ключи» эс алуу жайы качан ачылат? (видео)

899

Мамлекеттин карамагында туруп, Чүй областындагы Аламүдүн капчыгайынын төрүндө жайгашкан «Теплые ключи» пансионаты бир жылдан бери иштебей турат. Ага экологдор тыюу салган. Себеби санаторийдин саркынды сууну тазалоочу курулмалары иштебей келген.

Мындан тышкары, ден-соолукту чындоо борборундагы имараттар жана конок үйлөрүнүн абалы да өтө начар. Курулгандан бери тыңгылыктуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Мындай көйгөй мамлекеттин карамагындагы мүлктөр үчүн кадыресе көрүнүш дегендер да жок эмес.