Картошка маселесин чече албаган министр “Кара гөлөч” алат (видео)

806

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев кара гөлөчтүү болот. Аны аткаминерге тапшыруу бүгүнкүгө пландалганы менен, уюштуруучулар келбей калганына байланыштуу, башка күнгө жылдырылды.

Ишкерлер арасындагы сурамжылоонун жыйынтыгы менен Нурбек Мурашев эң начар иштеген министр деп табылып, антирейтингдин баш байгеси болгон «Кара гөлөч» сыйлыгына татыды. Буга картошка маселесин чече албай койгону себеп болду. Бирок жетекчи өзү буга макул эмес.