Картөшкө сатып алуу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөрү келишим түзгөн эмес

858

Мындай маалыматты «Азаттык» эл аралык маалымат агенттиги өзүнүн өзбек өкмөтүндөгү ишенимдүү булактарына таянып жазып чыкты.

Анда учурда өзбек ишкерлери картөшкөнү Пакистандан сатып алып жатканы айтылган. Буга чейин картөшкө сатып алуу боюнча эки өлкө ортосунда келишим түзүлгөнү айтылган болчу.

Ал арада Ысык-Көл областында 150 миң тонна түшүм сатылбай турат. Буга картөшкөнүн баасы 4 сомго түшүп кеткени себеп болууда. Былтыр анын дүн наркы 16 сом болгон болчу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.