Карылар үйүнө боз үй белекке берилди (видео)

1141

Бишкектеги карылар үйүндө жашагандар боз үйлүү болушту. Ал карыялар үчүн ички жана тышкы жасалгасы менен, Ысык-Көлдөн алынып келди. Карыганда кароосуз калгандарга боз үйдү белек кылууну жарандык активисттер демилгелеп чыгышкан. Бул социалдык мекемеде бүгүнкү күнү 208 карыя жашайт. Мындай өзгөчө тартуу карылар үйүнүн тургундары үчүн күтүүсүз, бирок аларды абдан кубандырган белек болду. Бул иш-чара өзгөчө шаан-шөкөт менен коштолуп, кары-картаңдарга концерттик программа тартууланды.