Карылыкка моюн сунбай, жаштардан кем калбай эмгектенген ата-апалар (видео)

3577

Жашында берсин мээнетти, карыганда берсин дөолөттү. Октябрдын биринде карылардын эл аралык күнү белгиленди. Бул датаны утурлай улгайгандарга, узак жашагандарга сый урмат көрсөтүлүп, аткаминерлер белек бечкегин ташып калышат. Жылда ар кандай акциялар өткөрүлүп келсе, бул жылы пандемияга байланыштуу болгон жок.

Карылардын жашоосуна коомчулуктун көңүлү бурулуп турсун деп, 1990-жылы Бириккен улуттар уюму тарабынан 1-октябрь улгайгандар куну деп жарыяланган. Азыр кары адамдардын көйгөйү айтып отурса, толтура. Кыргызстанда карылар үйүндө жашагандардын болушу эле чоң трагедия. Кароосуз калып, өзү менен өзү болуп, өлбө жаным өлбө деп жашап жаткан ата апалар канча. Алардын көйгөйүн көп эле жолу чагылдырдык. Бирок абал өзгөрүп кеткен деле жок.

Карысы бардын ырысы бар, деп коет кыргызда. Бул жолу биз карылыкка моюн сунбай, карыдым деп отуруп калбай оокатын кылып, спорт менен машыгып, балдарга билим берүүнү улантып, элди дарылоону таштабай жүргөн ата апалар тууралуу сөз кылууну туура кордук. Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстандын калкынын сегиз пайызын улгайган адамдар түзөт. Башкача айтканда, эмгекке жарамдуу курактан улуу жаштагылар 513 миң.