Карысы бардын ырысы бар (видео)

1627

«Жүрөктөн жүрөккө». Карылардын эл аралык күнүнө арналган дал ушундай аталыштагы иш-чара Бишкек шаарында болуп өттү. Анын алкагында 100дөн ашуун адам бир нече чакырымга скандинав басуусуна чыгышты.

Ошондой эле, карыялардын колунан жасалган буюм-тайымдардын жарманкеси да болуп өттү. Уюштуруучулар карылардын эл аралык күнүнө арналган иш чаралардын санын жылдан-жылга көбөйтүүнү максат кылып жатышыптыр.