Карыяны коомдук унаага салбай кеткен айдоочу жазаланат

720

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы билдирди. Бүгүн интернетте видео тарап, анда №223-маршруттук каттамдын айдоочусу унаасына пенсионерди киргизбей койгонун көрүүгө болот. Аксакал маршрутканын эшигин ачууга аракет кылганы менен, айдоочу аны ачпай унаасын айдап кеткен.

Бул көрүнүш коомчулукта катуу нааразычылыктарды жаратты. Көп өтпөй айдоочу иштеген жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси мэрияга чакырылып, окуя милиция менен чогуу каралууда. Анын жыйынтыгы менен №223- маршрутканын айдоочусуна тиешелүү чара көрүлөт.