Карызы төлөнбөгөн хансарайлар (видео)

552

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери жер жана кыймылсыз мүлк салыгын төлөбөгөндөр боюнча рейд уюштура башташты. Барынан кызыгы жылдап салыктан качкандардын көбү колунда барлар экен.

Береселери тууралуу бир нече жолу эскертүүлөрдү алышканы менен андан майнап чыкпай келет. Рейд учурунда салыктан качкандардын айрымдары эшигин ачпай койсо, кээ бирлери ар кандай шылтоолорду айтып жатышты.