Каржы пирамидада башкы прокурордун эжеси да жабыркаган (видео)

5647

Жогорку соттун судьясы Айнаш Токбаеванын кызы шектелип жаткан каржы пирамидасы боюнча кылмыш ишинде келтирилген чыгым, алдын-ала маалыматтар боюнча эле жарым миллион доллар деп эсептелүүдө. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Баарынан кызыгы бул иште Зулушевдин бир тууган эжеси жабырлануучу болсо дагы, ал арыз менен кайрылган эмес. Башкы көзөмөл органынын жетекчиси маалымат жыйын өткөрүп, учурда коомчулукта талкуу жаратып жаткан бир топ маселелер боюнча жооп берди.