Каржы пирамидасын мыйзамсыз уюштургандардын суммасы 34 млн. сомдон ашкан

815

Нарындын 270 тургуну каржы пирамидасын уюштургандарга ири суммадагы акчасын тарттырып жиберген. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектелгендердин бири чек арадан чыгып кетип жатканда кармалган. Милицияга Нарын областынын тургундары арыз менен кайрылып, алдоо жолу менен акча каражаттарын алып койгон 2 адамга карата чара көрүүнү суранышкан.

Алар 2017-2018-жылдары Юстиция министрлигине жана Салык кызматына каттоого турбай Нарын шаарындагы борбордук базарлардын биринин аймагында «Five Winds» компаниясынын кеңсесин ачып, каржы пирамидасын уюштурушкан. Алардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн келтирилген чыгымдын суммасы 34 миллион сомдон ашкандыгы аныкталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.