Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары (видео)

4346

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык алаканы дагы күчтөндүрүп, чек ара тоскоолдуктарын азайтуу. Эки өлкөнүн башчылары расмий жолугушууда дал ушул жаатта пикир алышканын биргелешкен басма сөз жыйында билдиришти. Казакстан президентинин айтымында, тараптар келечекте соода жүгүртүүнү 1 миллиард доллардан ашырууну максат кылышкан.

Ошондой эле, рыноктогу жаңы багыттарды, мүмкүнчүлүктөрдү табууну макулдашышкан. Белгилей кетсек, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик визити менен Кыргызстанга келди. Аны Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп алды.