Катага толгон китептер мектеп программасынан алынбайт (видео)

631

Грамматикалык, стилистикалык катага толгон китептер мектеп программасынан алынбайт. Эл аралык финансы булагынын колдоосу менен басылып чыгарылган окуу куралдары окуучуларга таратылып берилди.

Анда китеп ичиндеги каталар топтолуп, алардын туура жазылышын көрсөткөн баракча окуу куралынын акыркы бетине чапталган. Мындай чечим окуу жылынын башталышына саналуу күн калганда кабыл алынып, милдет — китепканачы жана мугалимдерге жүктөлгөн.