Катага толгон китептер жана тендерге байланышкан ызы-чуу (видео)

792

Китеп басып чыгууда 91 миллион сомдук тендерде кандай алешемдиктер орун алган? Быйылкы жаңы окуу жылы тендердик чуу менен башталды. Бул жолу Билим берүү министрилигинин дарегине китеп басып чыгууда мыйзамсыз аракеттер болгон деген кине айтылууда.

Нааразы тарап — бир нече басмакана өкүлдөрү. Айтымдарында, тиешелүү мекеме өкүлдөрү бир гана басмакананын кызыкчылыгын көздөп, тиешелүү талаптарды ага ылайыкташтырып коюшкан. Атаандаштыктын жоктугунан китептин наркы 2 эсе жогорулаган, — дешет алар. Бирок министирлик буга макул эмес.