Катасы толтура кат чыры спикерди ээрден шыпырабы? (видео)

695

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду кызматтан кетирүү аракети башталды. Бул тууралуу азырынча эл өкүлдөрү ич ара гана кеңешип жатышат деген маалыматты депутат Алмамбет Шыкмаматов ырастады. Эл өкүлүнүн айтымында, жакында эле төраганын атынан өкмөт башчыга жазылган катасы толтура кат Дастан Жумабековду спикерликтен алууга негиз болушу мүмкүн.

Ошол эле убакта, парламентте төраганы алмаштыруу боюнча саясий пикир жакшы жандана элек дегендер да бар. Андыктан демилгечи топ Дастан Жумабековдун кетирген кемчиликтерин чогултуп, олуттуу кемчиликтер болгонун тастыкташы керек.