Каттамга чыгуудан кооптонгон айдоочулар (видео)

599

Транспорт жана жол министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, учурда мекеме кыш мезгилине 50 пайызга гана даяр. Бирок ошол эле учурда жолго себилүүчү каражаттар жетиштүү өлчөмдө экенин билдиришүүдө. Бирок бир күн мурдагы Төө-Ашуудагы абал бул министрликтин кышка карата даярдыгы начар экенин көрсөтүп койду.

Суусамыр өрөөнүнө жааган кардан жолдор тайгак болуп, жол тыгыны бир топ чакырымга созулган. Айдоочулардын айтымында, буга тиешелүү тилкенин тазаланбаганы себеп болгон. Ал арада, Гидрометеорология кызматы жакынкы аралыкта дагы туруксуз аба-ырайы күтүлүп жатканын эскертти.