Каттар президенттин колуна кантип тиет? (видео)

816

Акыркы күндөрү мамлекет башчыга арыз-муңун айтып кайрылгандар арбыды. Быйыл президенттин атына келип түшкөн кайрылуулардын саны былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 2 эсеге өскөн. Бул тууралуу Президенттик аппараттын тиешелүү бөлүмүнөн билдиришти. Мисалы, былтыркы жылы 8 миңден ашуун арыз түшсө, быйыл акыркы 10 ай аралыгында эле алардын саны 14 миңге чукулдаган.

Келип түшкөн кайрылуулар көзөмөлгө алынып, мөөнөтүндө аткарылып же арызданган тараптарга жардам көрсөтүлөт, дешет адистер. Жазуу түрүндөгү кайрылуулардын басымдуу көпчүлүгүндө соттордун жана укук коргоо органдарынын иштерине нараазычылыктар жазылган. Катардагы жарандын арызы президентке чейин кантип жетет?