Каттоосун өзгөрткөн жарандар кайрадан көбөйдүбү? (видео)

1353

Талапкерлер бир мандаттуу округдан утуп чыгуу үчүн жарандарды массалык каттоого тургузууну кайрадан баштайбы? Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Калкты тейлөө борборлорундагы кезек күткөндөрдүн көбөйүшүнө тынчсызданууда.

Анткени буга чейинки жергиликтүү кеңештерге шайлоодо айрым калааларга каттоого тургандар кескин көбөйүп, нааразычылыктарды жараткан. Ал эми Боршайком менен Каттоо кызматы учурда дарегин өзгөртүп жаткандар бир мандаттуу округдагы шайлоого катыша албайт деп эскертүүдө.