Катуу шамалдан көптөгөн аймактар электр жарыксыз калды (видео)

658

Кечээ таңга маал болгон катуу шамалдан Бишкектин, Чүй жана Талас областарынын бир катар аймактарында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады. Алсак, борбор калаада көп кабаттуу үйдүн чатыры учуп, “Пенько-Жутовая” станциясын жабыркатты. Ошондой эле, катуу шамалдан Бишкектин Тынчтык, Арча-Бешик конушунун түштүк-батыш бөлүгүн электр энергия менен камсыз кылган жогорку чыңалуудагы линиялары үзүлгөн. Талас областында болсо “Кировка” подстанциясындагы бир фидер жарактан чыккан. Мындан тышкары, эртең мененки катуу шамалдан борбор калаада алты жерде дарак кулады.