Катуу сууктан улам миңден ашуун мал-жандык кырылды (видео)

1819

Ысык-Көлдө аба-ырайынын кескин суукташынан миңден ашуун кой кырылды. Ысык-Көл жана Ак-Суу райондорунун малчылары эң көп зыян тартышкан. Калың түшкөн кардын натыйжасында, мал ээлери миңден ашуун кой, 50гө жакын үй, 20дай жылкысынан айрылды. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, өлгөн малдын саны мындан дагы көбөйүшү мүмкүн. Анткени дагы бир катар айылдарда тактоо иштери уланууда. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү башкармалыгы малчыларга ар тараптуу жардам көрсөтүп жатат. Нарын областынын Ак-Сай өрөөнүндөгү Үч-Эмчек жергесинде дагы сууктун кесепетинен бир чабандын жүнү кыркылып калган 200 койу тоңуп өлгөн.