Катуу жааган кардан өлкөнүн бир бөлүгү электр жарыксыз калды

719

«Түндүкэлектр» ишканасынан кабарлашкандай, Бишкектин бир катар аймактарында, Талас менен Чүй областарынын 10 районунда электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.

Адистердин айтымында, чубалгылар калың карды көтөрө албай, зымдарды бактардын бутактары жабыркатып, жарык жапырт өчкөн. Учурда калыбына келтирүү иштери уланууда.

Бишкек шаары менен Чүй областында түндө жаан карга айланып, таңдан тарта бороон менен коштолууда.