Катуу жааган жамгырдан улам көчөлөрдү суу каптоодо (видео)

2056

Акыркы күндөрү жер-жерлерде катуу жааган жамгырдан улам ири трассаларда сел жүрүп, айдоочуларга кошумча түйшүк жаратууда. Айрыкча Чүй областында жана Бишкек шаарында көчөлөрдү суу каптап, ал тургай кээ бир турак-жайдын короолоруна чейин кирүүдө.

Айрым трассаларда чуңкурларга суу толуп калып, унаалар тыгылып, дөңгөлөктөрү жарылып жатат. Жаан-чачындын кесепеттерин жоюу боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?