Катылган баңгизатын табуу үчүн атайын программалар иштелип чыгууда

751

Афганистанда бир килограмм героин 500 доллар турса, ал Кыргызстанга жеткенче 5000 миң долларга чыгат. Ошол эле товар Россияда 13 миң доллардан сатылат.

Бул тууралуу Бишкекте өткөн эл аралык жыйында баңгизатына каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Ильяс Бакиров билдирди. Анын айтымында, барган сайын баңгизатын контрабанда жолу менен ташуунун жаңы ыкмалары ойлонуп табылып, кылмышкерлер товарын жашырып алып өтүү үчүн ар кандай кадамдарга барууда.

Мындан улам, кызматкерлер дагы ошого жараша окутулуп жатат. Баңгизатын ташыгандар каткан героинди табуу үчүн атайын программалар иштелип чыгууда, дейт адистер.