Каза болгон көчө шыпыруучулар көбөйдүбү? (видео)

678

Жумуш убагында каза тапкан көчө шыпыруучунун жакындарына компенсация төлөнүп берилет. Ошондой эле, мекеме тарабынан маркумдун жакын туугандарына материалдык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Тазалык муниципалдык ишканасынан билдиришти. Кечээ күнү Бишкекте көчө тазалап жүргөн аялды катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа сүзүп кеткен. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам ооруканага жетпей көз жумган. Кырсыкка күнөөлүү делген айдоочу кармалып, учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Белгилүү болгондой, аял караңгыда жарык бере турган атайын кызгылт-сары күрмө кийип, эрежелерди толук сактаган. Акыркы 3 жыл ичинде жол кырсыгынан «Тазалык» ишканасынын 6 кызматкери жумуш учурунда набыт кеткен. Таң заарда шаарды тазалагандардын коопсуздугун ким камсыз кылат?