Каза болгон спецназ жоокерине снайпердик куралдан ок атылган

1372

Такталган маалыматтарга таянсак, окко учкан УКМКнын кызматкери 22 жашта эмес, 46да экени белгилүү болду. Буга чейин соцтармактарда Атамбаевди кармоо операциясында атайын багыттагы кызматтын 22 жаштагы кызматкери каза болгону айтылган.

Атайын багыттагы кызматтын башчысынын орун басары, подполковник Үсөнбек Ниязбеков бул кызматка дайындалганына 7 айдын гана жүзү болгон. Анын артында жубайы жана төрт баласы калды. Үсөнбек Ниязбеков ушул жылдын сентябрь айында полковник наамын алууга даярданып жаткан.

Дарыгерлердин айтымында, 46 жаштагы подполковник жүрөгү менен өпкөсүнө ок жеген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Үсөнбек Ниязбековго Атамбаевдин үйү тарабынан снайпердик куралдан ок атылганын билдирди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.