Казак элчилигинде чек ара боюнча митинг өттү (видео)

742

Бүгүн активисттер Бишкектеги Казакстандын элчилигинин алдында «Кыргыз-казак бир тууган» деген аталыштагы акция уюштурушту. Чогулгандар казак бийлигине чек арадагы көйгөйдү чечүүнү өтүнүү менен кайрылышып, Нурсултан Назарбаевге элдин үнүн угуп, маселени чечүү өтүнүчү жазылган кат жолдошту. Чогулгандарга Казакстан элчилигинин өкүлү чыгып, кыскача кайрылуу жасап, анда активисттердин айткандарынын бары, сөзсүз тиешелүү жактарга жеткириле турганын билдирди. Ал арада кыргыз-казак чек арасында элдин жана автоунаалардын Казакстанга өтүүсү дагы деле өтө кыйын абалда. Көзөмөл өткөрмө бекеттеринде кезекте турган унаалардын саны 600дөн ашты. Алардын көбү Евразия экономикалык Биримдикке кирген өлкөлөргө жашылча-жемиш, товар ташып бараткандар.