Казак мажилиси Кыргызстан менен чек араны демаркациялоо келишимин жактырды

861

Казакстан парламентинин мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин кыргыз-казак чек арасындагы «узун кезек күтүүлөргө» байланышкан маселе чечилиши керектигин айтты. Бул тууралуу ал Кыргызстан менен чек араны демаркациялоо тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланып жаткан маалда билдирди.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Зауреш Аманжолова казак-кыргыз чек арасында жалпысынан сегиз көзөмөл-өткөрмө бекет бар экенин, бирок жыл сайын «Кордай» жана «Карасу» бекеттеринде жүргүнчүлөрдүн дагы, транспорттун дагы агымы көбөйүп жатканын белгиледи. Ал чек арадан өткөн адамдардын саны курорттук мезгилде өзгөчө көбөйө турганын айтып, бул маселени чечүү үчүн өкмөт тараптан кандай чаралар көрүлө турганына кызыкты.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы Чек ара башкармалыгынын директору Дархан Дильманов буга чейин паспорт көзөмөлүндөгү документ текшерүү бөлүмдөрүнүн саны 36 болсо, реконструкциядан кийин алардын санын 60ка жеткирүү пландалып жатканын айтты. Ал Чек ара кызматы өткөрмө бекеттерди көбөйтүүгө даяр экенин, бирок ага өлкөнүн Инвестициялар жана өнүктүрүү министрлиги жооптуу экенин кошумчалады.

Тышкы иштер министринин орун басары Мухтар Тлеуберди бул маселе өкмөттөр аралык комиссияларда карала турганын жана бул боюнча жалпы чечимге келүү зарылдыгын айтты.

Ошол эле жыйында мажилис кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо тууралуу эки өлкө ортосундагы келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды. Аталган келишимге тараптар былтыр 25-декабрда Алматыда кол коюшкан. Анда ал документтин негизги максаты катары «эки өлкө ортосундагы мамлекеттик чек аранын демаркацияланган тилкелерин эл аралык-укуктук жактан бекитүү» экени айтылган.