Казак прокурору Дамирбек Асылбек уулун 12 жылга эркинен ажыратууну суранды

686

Казакстандын прокурору соттон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулун 12 жылга эркинен ажыратууну суранды. Алматы шаарынын райондук сотунда аткезчиликке айыпталгандардын соту аяктап баратат. Кечээ тараптарга жарыш сөз берилди.

Анда мамлекеттик айыптоочу Дамирбек Асылбек уулун 12 жылга кесип, үй-мүлкүн конфискациялап жана жаза мөөнөтү аяктаган соң Казакстандан чыгарып салууну суранды. Күнөөлөнүп жаткан тарап айыптоолорду жасалма, ойдон чыгарылган деп атады.

Былтыр февралда Казакстанда контрабанда үчүн айыпталып кармалган 29 кишинин арасында, Кыргызстандын үч жараны бар. Алардын бири мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулу. Буларга Кытайдан Россия жана Казакстанга товарларды мыйзамсыз ташыган, эл аралык кылмыштуу уюшулган топ түзгөн деген айыптар коюлган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.