Казак тарапка өтө албай турган жүк ташуучу унаалардын саны 300гө чамалайт

805

Депутаттар кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды талкуулоо зарылдыгын билдиришти. Себеби эки өлкө ортосундагы «Ак-Тилек — автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде абал өзгөрүүсүз калууда. Учурда ал жерде казак тарапты көздөй өтө албай турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 300гө чамалайт.

Мындай көрүнүш 19-марттан тарта уланып келе жатат. Казакстан тарап текшерүүнү күчөтүп, айдоочулардын документтери менен ташып бараткан жүктөрүндө айрыма чыгып жатканын айтып чыгышты. Бирок айрым айдоочулар кошуна өлкөнүн аймагына кирип, бирок болор-болбос себептер менен артка кайтарылганын белгилешүүдө.

Айтымдарында мурда кандай документтер менен өтүп келишсе, учурда деле дал ошол кагаздар менен кезек күтүп турушат. Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттөн бул маселени тез арада чечүүнү талап кылууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.