Казакстан 5 кыргызстандык ишканага сүт азыктарын ташууга тыюу салды

784

Казакстан Кыргызстандын сүт азыктарын чыгаруучу беш ишканасынын товарларын ташууга тыюу салды. Бул тууралуу кошуна өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыкты. Ошондой эле, расмий Астана кыргызстандык эки ишкана өндүргөн айрым продукцияларга лабораториялык көзөмөлдү дагы күчөткөнү кабарланууда.

Казакстанга кирген ар бир азык лабораториялык иликтөөгө жиберилип жатат. Муну кошуналар талаптарга туура келбеген продукциялар ташылып жатат, деп түшүндүрүүдө.

Казакстанга учурда өндүрүм ташуу укугуна ээ болгон 25 кыргызстандык компания бар. Анын он беши сүт азыктарын чыгарат, сегизи балык, экөө эт ташыйт.