Казакстан 500 тонна азык-түлүктү Кыргызстанга кайтарды (видео)

759

Кыргызстандан экспорттолгон айрым товарлар Казакстандан артка кайтарылууда же болбосо жок кылынып жатат. Алсак, Кара-Суу өткөрмө бекетинен 3,5 тонна форель балыгы менен 15 кг икра коңшу мамлекетке киргизилген жок. Ветеринардык тастыктамасы туура эмес толтурулган деген жүйөө менен, ушунча көлөмдөгү товар боюнча административдик иш ачылды. Ал эми продукциянын өзүн жок кылууга жөнөтүштү. Буга чейин Алматы шаарында Кыргызстандан экспорттолгон сүт азыктарынын документтери талапка жооп бербейт деп, 128 килограмм сыр сатыктан алынып, жок кылынган. Өткөн жумада болсо, Казакстан 400 тонна мөмө жемишти артка кайтарган. Анда алма, алмурут, жүзүмдүн фитосанитардык тастыктамасы жок деген жүйөө келтирилген.