Казакстан айдоочуларга жаңы эреже киргизди (видео)

1381

2 жумадан бери кыргыз-казак чек ара бекетиндеги маселе да чечилбей келет. Кошуна өлкө 28-декабрдан тарта Кыргызстандан кирген оор жүк ташуучу унааларды текшерүүнү күчөтүп, мындан улам Чүй областындагы Ак-Тилек бекетинде узун кезекке тизилген фуралардын саны азыр 200гө жеткен. Мындай көрүнүш айдоочуларды жүдөтүп, нараазычылыктарын күчөтүүдө.

Айтымдарында, Казакстандын салык кызматы ар бир фурада электрондук пломба болушу керек деген талап койгон. Бирок мындай жаңы эреже киргизилгени тууралуу айдоочулардын кабары болгон эмес.