Казакстан Бакиевди катыштырып Кыргызстан тууралуу тасма тартты

823

Казакстандын “Хабар” мамлекеттик маалымат агенттиги Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевден интервью алып, документалдык тасма тартты. Бүгүн ал тасманын анонсу Интернетке чыкты.

2010-жылдагы бийлик алмашкандан кийинки окуялар көрсөтүлгөн тасмада Бакиевдин ошол күндөрдү эскерүүсү, Ак үйдүн алдындагы атышуу, кан төгүлгөн кадрлар көрсөтүлөт. Анда Бакиев: “Мен ишенем, убагы келгенде мекениме кайтып барам” деп айтат.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен.

Бакиев Кыргызстанда 2010-жылдагы 90дой адамдын өмүрүн кыйган апрель окуялары үчүн өмүрүнүн аягына чейин сыртынан эркинен ажыратылган. Учурда ал Беларуста жашайт.