Казакстан берген акчаны кимдер жеп алган? (видео)

666

Казакстандан келген гранттын бир бөлүгү сол чөнтөккө кеткенби? Бишкектеги Ала-Тоо жаңы конушундагы мектепти салууда 12 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Прокуратура менен коррупцияга каршы кызматы Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Архитектура агенттигинин жооптуу адамдарынын мыйзамсыз иштерин ашкереледи.

«Ала-Тоо» жаңы конушундагы мектепке байланыштуу ызы чуулар объект ишке берилгенден бери токтобой келет. Былтыр жаз айларында ашканасынын полу чөгүп кетип, балдардын өмүрүнө коркунуч жаралган. 10 жыл дегенде курулушу бүткөн мектептин дагы кандай көйгөйлөрү бар?