Казакстан чек арадагы текшерүүгө бажы кызматкерлерин дагы тартты

677

Бул тууралуу коңшу мамлекеттеги КТК каналы кабарлады. Анда көзөмөлдү күчөтүүгө Кыргызстан тараптан кеткен бир нече эреже бузуулар себеп болгону айтылат.

Казакстандын кирешелер комитетинин жетекчиси Ардак Тенгебаевдин билдирүүсүндө, Кыргызстандын бажы кызматкерлери чек арадан өтүп жаткан товарлардын чыныгы көлөмү канча экенин кылдат текшербей, декларацияда жазылган товардын баасы боюнча өткөрүп жиберүүдө.

Ал эми документте баалар атайылап төмөндөтүлүп көрсөтүлүүдө. Бул көмүскө импортту жаратууда, дешет кошуна өлкөнүн аткаминерлери. Мындан улам, Казакстандын чек арасында текшерүүгө бажы кызматкерлери дагы аралаша баштаганы кабарланды.