Казакстан «экстремизмге каршы күрөшкө» миллиондогон доллар жумшайт

589

Казак бийлиги жакынкы беш жылда «Диний экстремизмге жана терроризмге каршы аракет көрүү» деп аталган мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруу үчүн 286 миллиард теңге (888 миллиондон ашуун доллар) жумшайт.

Бул тууралуу «Ченемдик-укуктук акттар» деген интернет сайтка жарыяланды. Программага байланыштуу талкуу да ушул сайтта 6-февралга чейин жүргүзүлөт.

2018-2022-жылдарга белгиленген программанын алкагында республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин акчасы жана башка «мыйзам жол берген каражаттын» бардыгы тең диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшкө жумшалат.

Tengrinews агенттиги программада Интернет аркылуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, маалымат сайттар, таанымал блогерлер жана коомдук пикирди өзгөрткөн лидерлер менен иштешүү каралганын кабарлады.