Казакстан: кенчилер индиялык олигарх менен жолугушууну талап кылышууда

1223

Казакстандын «АрселорМиттал Темиртау» ишканасынын 8 шахтасында жер алдынан чыкпай, иш таштаган жумушчулардын саны 684 кишиге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министри Тамара Дүйсенова билдирди.

Кенчилер айлыктарды эки эсе көбөйтүүнү, пенсияга 50 жаштан чыгарууну жана шаардагы социалдык инфраструктураны жакшыртууну талап кылышууда. Айтымдарында, учурда шаарда «сыра ичкен жайлар менен супермаркеттер гана» бар. Алар ошондой эле шахтага ээлик кылган индиялык миллиардер Лакшми Миттал менен жолугушууну талап кылышууда.

​Кенчилер компания өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн ар бир шахтадан бирден өкүл жөнөтүштү. Министр бул маалыматты ырастап, учурда кенчилердин 32 өкүлү жумуш берүүчүлөр менен сүйлөшүп жатканын айтты.

Иш таштаган жумушчулардын сырттагы кесиптештери дагы алар менен сүйлөшүп чыгышкан. Айтымдарында, шахтадагы жумушчулар талаптары аткарылмайынча сыртка чыкпай тургандыктарын билдиришкен.