Казакстан «Кордай» өткөрмө пунктунда текшерүүнү күчөттү (видео)

898

Казакстан тарап Кыргызстан менен чек арасындагы «Кордай» өткөрмө пунктундагы текшерүүнү күчөтүп, анын кесепетинен бекеттерде унаалардын узун тыгыны пайда болуп, кыргызстандык жарандар кыйынчылык менен өтүшүүдө. Кечээги кечтен тарта дал ушундай маалыматтар байма-бай келип, социалдык тармактарда жарыялана баштады. Бул көрүнүшкө жеринде күбө болуп, себебин билүү үчүн НТС телеканалынын кабарчылар түн ортосунда «Ак-Жол» өткөрмө бекетине барып келишти.